Кыргызстан Иран мамлекети менен соода-экономикалык жактан кызматташкысы келет

07.04.2021, 09:30 Акчабар
Кыргызстан Иран мамлекети менен соода-экономикалык жактан кызматташкысы келет

Президент Садыр Жапаров 6-апрелде, Иран мамлекетинин тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Жолугушууда президент эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

«Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болоорун баса белгилеп кетким келет», - деди ал.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Иран жетекчилиги Кыргызстан менен туруктуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолду.

Тэги: Иран Кыргызстан ишкерчилик Садыр Жапаров Мохаммад Жавад Зариф

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть