akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.07.2020, 06:20

    Бир жуманын ичинде ишкерлер белгиленген тартипте электрондук кол тамганы колдонуу менен 11 миң 927 электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

    [news 25438]

    Маалыматка ылайык, ошол эле учурда бул мезгилде «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасына 5 миң 71 ишкер катталган.

    Электрондук эсеп-фактураны колдонуу – салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана «Санарип Кыргызстан» санариптик өнүгүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында киргизилген жаңы жол-жобо. Электрондук эсеп-фактуранын негизги артыкчылыктарынын бири ишкерлердин канцелярдык жана почта чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүгү менен документ жүгүртүү ыкчамдыгын жогорулатууда, салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүдө турат.

    Бардык КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү пайдаланууга өтүүлөрү керек. Мурда ыйгарылган эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ушул жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө салыктык катталган жери боюнча салык органдарынан жараксыз деп табууга болот.

    Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну баштоо үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл. Андан кийин электрондук эсеп-фактураларды пайдаланууга болот. Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы “Электрондук эсеп-фактура» бөлүмүндө ЭЭФ пайдалануу эрежеси, пакеттик жүктөмөлөрдүн форматы, көпчүлүк учурда берилүүчү суроолорго жооптор жайгаштырылган.


    Читать похожее

    • 09.07.2020, 00:20:38