Ишкерлер Соода-өнөр-жай палатасынын айрым иштерин тиешелүү органдар текшерүү керектигин айтышты

22.12.2020, 13:00 Акчабар
Ишкерлер Соода-өнөр-жай палатасынын айрым иштерин тиешелүү органдар текшерүү керектигин айтышты

Эсеп палатасы жана Финансы полициясы Соода-өнөр-жай палатасына мамлекет тарабынан бөлүнгөн 80 млн сомдун кайда жумшалганын аныкташ керек. Бул тууралуу Соода-өнөр-жай палатасынын 18-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон ишкерлердин маалымат жыйыны учурунда ишкер, палатанын мүчөсү Талант Маткерим уулу билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы палатага мамлекет тарабынан бөлүнгөн 80 млн сом кайсы иштерге жумшалганы тууралуу так маалымат жок.

«2015-жылы Милан шаарында Экспо-2015 өткөн. Ошол маалда палатанын мүчөлөрүнүнүн мүчөлүк акысынан сырткары, мамлекет 80 млн сом каражат бөлүп берген. Мен муну палатанын 2020-жылга карата берген финансылык отчетуна таянуу менен айтып жатам. Ал отчетунда мамлекет Экспо-2015 үчүн 80 млн сом бөлүп берген деп жазылып турат. Мен учурдан пайдаланып, Эсеп палатасына жана Финансы полициясына кайрылып кетет элем. Бул деген мамлекеттин акчасы. Ошол кездеги курс менен эсептегенде бул 1,5 млн $ түзөт. Палата бул каражатарды кайда жумшады, муну тиешелүү органдар аныкташ керек. Себеби, биз ошол 2015-жылы Экспого барып, катышып келген ишкерлерден сураганыбызда, алар бардык чыгымды өздөрү көтөрүшкөнүн айтышууда. Ал эми мамлекет берген 80 млн сом кайсы иштерге жумшалды? », - деп билдирди ишкер, палатанын мүчөсү Талант Маткерим уулу.

Эске сала кетсек, 18-декабрда Соода-өнөр-жай палатасынын прездентин шайлоо болуп өткөн. Анда үчүнчү ирет 5 жылдык мөөнөткө кайрадан Марат Шаршекеев дайындалган. Шайлоонун бул жыйынтыгына нааразы болгон ишкерлер шайлоо таза эмес, регламентти бузуу менен өттү деп айтып чыгышкан.

Тэги: эсеп палатасы Финансы полициясы палата Шайлоо ишкер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть