Исмаилова Кореянын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы менен жолукту

11.04.2022, 11:12 Акчабар
Исмаилова Кореянын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы менен жолукту

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитеттин төрагасы Пак Чон Су менен жолугуп, тараптардын кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу Кореядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кадр потенциалын, инфраструктураны жогорулатуу, инвестицияларды тартуу, ошондой эле айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика, экология, билим берүү жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жана өз ара сапарлардын жыштыгын жана эки тараптуу мамилелердин бардык деңгээлдеринде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тэги: Пак Чон Су Корея Аида Исмаилова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть