Исмаилова: кызыл зонада иштеген дарыгерлерге эми күнүнө 3 миң сомдон төлөнөт

31.07.2020, 13:40 Акчабар
Исмаилова: кызыл зонада иштеген дарыгерлерге эми күнүнө 3 миң сомдон төлөнөт

Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медкызматкерлердин кенемте төлөмдөрү көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү кенемте төлөмдөрү кайра каралып, анын өлчөмү көбөйтүлүүдө.

«Биринчи категорияга кирген казармалык тартипте иштеп жаткан дарыгерлерге мурда 1 күнгө 2,3 миң сом төлөнсө, ал 30%га көбөйтүлүүдө. Мурда 15 күн иштеген үчүн (2,3 миң сом менен эсептегенде) 34,5 миң берилчү. Эми 1 күн үчүн төлөм 3 миң сомго чейин көбөйтүлүүдө. Андан тышкары обсервацияга чыккан медицина кызматкерлери ал жактагы ар бир күн үчүн 900 сомдон алышат», - деди ал.

Ошондой эле казармалык тартипте иштеген орто медициналык персоналдын кенемте төлөмдөрү 2 миң сомдон 2,5 миң сомго, кенже кызматкерлердики 1,8 миң сомдон 2,2 миң сомго чейин көбөйтүлүүдө.

«Экинчи категориядагы график боюнча иштеген медицина кызматкерлери үчүн да кенемте төлөмдөрү кайра каралды. Дарыгерлерге төлөнүүчү төлөм 30%га көбөйтүлдү. Мурда алар иштеген ар бир саат үчүн 100 сомдон алса, эми 130 сомдон ала баштайт. Медицина кызматкерлери бир ай иштейби же 14 күн иштейби аны өзүнүн ден соолугуна жараша чечет», - деди ал.

Ошол эле учурда орто медициналык кызматкерлердин төлөмдөрү 90 сомдон 120 сомго, кенже кызматкерлердики 80 сомдон 100 сомго көбөйтүлүүдө.

Тэги: коронавирус медкызматкер Өкмөт үйү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть