Опубликовано
29.07.2020, 11:00“ИТАР” фонду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жалпы суммасы 700 миң сомду түзгөн медициналык буюм түрүндө гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Гуманитардык жардамдын тизмеси:
1. Антисептик 800 литр;
2. Хлор – 500 граммдан 1000 пакет;
3. Самын-1700 даана;
4. Коргоочу бет кап 3400 даана;
5. Жеке коргонуу каражаттарынын топтому – 200 даана;
6. Кычкылтек концентратору- 4 даана.
Министр Улукбек Кочкоров “ИТАР” фондунун өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күндө медициналык мекемелер керектүү дары-дармектер жана жабдыктар менен камсыз болгондугун белгиледи.