Июлда мамлекеттик ишканалардан 50 млн сом киреше алуу күтүлүүдө

16.07.2020, 11:00 Акчабар
Июлда мамлекеттик ишканалардан 50 млн сом киреше алуу күтүлүүдө

Июль айына карата бекитилген кассалык планга ылайык, республикалык бюджеттин кирешеси 8.4 млрд сом, ал эми чыгашасы 11.2 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Маалыматка караганда, аталган каражаттардын ичинен ички дебитордук карызды жабууга 189 млн 523.6 миң сом алуу пландалууда.

Мамлекеттик ишканалардан түшө турчу киреше 50 млн сомду түзөрү күтүлүүдө. Ал эми Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фонду боюнча берилген бюджеттик ссудалар жана насыялардын үстөктүк пайыздары 57.2 млн сомдү түзөт деп божомолдонууда.

Тэги: июль киреше Каржы министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть