Жалал-Абадда 264 аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына сыналгы берилет

25.08.2020, 09:30 Акчабар
Жалал-Абадда 264 аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына сыналгы берилет

Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусундагы 264 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары сыналгы менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун облус башчысы Нурболот Мирзахмедов район-шаарлардын башчылары менен онлайн жыйын өткөрүп, окуу жылына карата бир катар даярдык көрүү тапшырмаларын берген.

Жыйында өкүл кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу режиминде ар бир балага тийиштүү шарттар жаратылып, сабактардан артта калбашы керектигин айтты.

«Аймактардан буга чейин Аксы району муктаж үй-бүлөлөрдө билим алган балдарды толук сыналгы жабдыгы менен камсыздаган. Мында салыштырмалуу Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда керектөөлөр жогору экени айтылып, бир жуманын ичинде маселени жолго коюу тапшырмасы берилди», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусундагы 464 мектепте 235 миңден ашуун окуучу билим алат. Бул жылы 22 миң 279 окуучу биринчи класска барат.

Тэги: Жалал-Абад үй-бүлө жаңы окуу жылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть