Жалал-Абад менен Наманган облустарынын биргелешкен ири логистикалык борбору курулат

16.03.2021, 14:00 Акчабар
Жалал-Абад менен Наманган облустарынын биргелешкен ири логистикалык борбору курулат

Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча түзүлгөн жол картасынын алкагында, ар тараптуу кызматташуу жанданат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад облусунун башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, түзүлгөн келишимдердин алкагында эки өлкөнүн облустар аралык соода-экономикалык, кайра иштетүү, өнөр жай, социалдык, маданий жана спорт тармактарын өнүктүрүү багыттары камтылган.

«Азыркы учурда тараптар ортосунда онлайн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 18-март күнү Наманган облусунун башчылары менен ишкердик өкүлдөрүнүн Жалал-Абад облусуна келүүсү күтүлүүдө. Мында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагына жана Шамалды-Сай шаарчасында биргелешкен ири логистикалык борбор куруудагы даярдыктар жеринде талкууланат. Аталган аймактар чек арага жакын жайгашкандыктан тандалып алынган», -деди Мамасалы Акматов.

Үч бөлүктө ишке ашырыла турган логистикалык борбордун 1-этабын курууга ишкерлер өздөрү каражат жумшайт. Калган этаптарында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Логистикалык борбор курууну пландап жаткан жергиликтүү “Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Улан Максымбековдун айтымында, борбор Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан участкасында жайгашып, жалпы 10 гектар жер аянтын ээлейт.

«Эки өлкөнүн жаңы кызматташтык мамилелеринин алкагында бул долбоор ишке ашканы турат. Аталган жайда айыл чарба азыктарын сактоо, кайра иштетүү менен экспортко чыгаруу максаты көздөлүүдө. Аны менен катар иштетүүчү мал соючу жай, эт, тери жана жүндү кайра цехтерди куруу да пландалган», - деди Максымбеков.

Тэги: Кыргызстан Жалал-Абад келишим логистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть