Жалал-Абадда киреше салыктын 70% ачыкталбай жатат

11.02.2021, 13:45 Акчабар
Жалал-Абадда киреше салыктын 70% ачыкталбай жатат

Жалал-Абад облусунда ишкерлер тапкан киреше боюнча салык 70% ачыкталбай жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 10-февралда өткөн облустук жыйында айтты.



Жыйында белгилүү болгондой, облуста өндүрүлбөй калган салык төлөмдөрүнүн суммасы 2021-жылдын 1-январына карата 381 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 140 миллион сомго көбөйдү.

Район-шаарлардын ичинен өнө элек эң көп карыз Ноокенде 40 миллион сом болсо, Жалал-Абад шаарында 68 миллион сомго жеткен.

Облус башчысы ишкерлерди мыйзам жолуна түшүүгө чакырып, салыктарды жашырбоо керектигин айтты:

«Салык кызматы ошолор берген отчетуна эле макул болуп, ишкерлер менен бир болуп жатасыңар. Салыктын 30% эле көрсөтүлүп, 70% сол жакка кетип жатат».



Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылга карата планын көбөйтүп, мамлекеттик бюджетке 96 миллиард сом каражат чогултуу милдетин койгон.

Тэги: салык кызматы ишкер Абсаттар Сыргабаев млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть