Жанар Акаев: Бийликке эмес, элге кызмат кылаарыбызды далилдедик

17.11.2021, 16:30 Акчабар
Жанар Акаев: Бийликке эмес, элге кызмат кылаарыбызды далилдедик

“Альянс” партиясынын тең төрагасы Жанар Акаев Алай районунун тургундары менен жолугушууну улантууда.

Депутаттыкка талапкер Жанар Акаев Жошолу айылынын жергиликтүү жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда партиянын программасын элге кеңири тааныштырып, билим берүү, экономиканы күчтөндүрүү, чек араны бекемдөө боюнча өзүнүн пландары менен бөлүштү.

Жергиликтүү жашоочулар Жанар Акаев кайсы партия менен шайлоого барбасын адилеттүүлүктү жактаган принциптеринен кайтпай, чыныгы элдин өкүлү катары кызмат кылып келгенин өзгөчө белгилешти. Айрымдарга окшоп бала бакчалардын, мектептердин тасмасын кесүү үчүн чуркабай, дайыма жалпы элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп келгенин кошумчалап өтүштү.

Жанар Акаев өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүндө өлкөдөгү коррупциялык схемалардын бетин ачып, миллиондогон каражаттарды бюджетке түшүргөнүн эске салып, мындан ары да жемкорлукка каршы күрөштү улантарын, жаштардын, карапайым элдин парламенттеги үнү болуп берерин баса белгилеп айтты.

АЛЬЯНС - 3 ☑ - БИР КҮЧ!
Жанар Акаев - 2 ☑

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана.
“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 17-ноябрь, 2021-жыл.

Тэги: Жанар Акаев альянс Шайло ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть