ЕАЭБ аймактарына ири өлчөмдөгү каражаттар жаңы эреже менен өткөрүлөт

08.01.2020, 17:55 Акчабар
ЕАЭБ аймактарына ири өлчөмдөгү каражаттар жаңы эреже менен өткөрүлөт

2020-жылдын 4-февралынан тарта ЕАЭБ аймактарына ири өлчөмдөгү акчалар жаңы киргизилген талапка ылайык өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу otyrar.kz порталы Түндүк-Казахстан боюнча Мамлекеттик киреше департаментине таянуу менен билдирди.

Жаңы киргизилген эрежеге ылайык, ЕАЭС бажы чек арасы аркылуу жекелик жактан алынып келе жаткан 100 миң доллардан жогору болгон накталай акча каражаттын кайдан алынгандыгын тастыктай турган документтин болуусу шарт.

«Документте көрсөтүлгөн акча каражаттарынын ошондой эле акча инструменттеринин келип чыгышы жөнүндө ырастоочу маалымат берилүүсү керек. Мындай документ катары, насыя уюмдары аркылуу акча которуудагы берилген кагаздар, эсептен (счет) каражаттын алынгандыгы тууралуу, мурас же белек катары алынып келе жаткандыгын тастыктоочу документтер эсептелинет», —деп жазылат маалыматта.

Эгерде тийиштүү документтер көрсөтүлбөсө, анда акча каражаттар ЕАЭБ аймагынан өткөрүүгө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, жаңы эреже Евразия экономикалык комиссиянын акча адалдоого каршы чыккан чечимине ылайык иш алып барат.

Тэги: ЕАЭБ аймак жаңы эреже каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть