Опубликовано
21.12.2020, 06:25Жалпы жарандык биометрикалык паспорт АКШнын кара тизмесинен чыгуудагы маанилүү иштердин бири. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
[news 29876]
Анын айтымында, АКШ тарабынан киргизилген санкциянын бирден бир себеби КР жалпы жарандык паспортунда заманбап коргоо элементтеринин жоктугу болгон.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын январь айында АКШнын президенти Дональд Трамп кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектөө койгон.