Жапаров: Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу оюм жок

10.10.2020, 18:45 Акчабар
Жапаров: Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу оюм жок

Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу оюм жок. Бул тууралуу премьер-министрликке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп жаткан Садыр Жапаров бүгүн ЖКнын кезексиз жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Кумтөр маселесин биз 2012-жылы көтөргөнбүз анда биз Кумтөр толук Кыргызстандын карамагына өтсүн деп долбоор даярдаганбыз. Бирок, долбоор 35 депутаттан гана колдоо таап, өтпөй калган. Андан кийин массалык баш аламандыкка айыпталып камакка түштүм кийин чет өлкөгө чыгып кеттим, кайра келип дагы камакка түшүп, кечээ жакында кайра чыктым.

Кумтөрдү 8 жыл мурун өзүбүзгө алыш керек болчу. Бул туурасында 2 жыл мурун абактан адвокатым аркылуу журналисттерге маек бергем. Азыр кеч болуп калды. Андан көрө азыр Ценнтерра аягына чейин иштетип бузулган тоолорду калыбына келтирип кетсе туура болот. Азыр Кумтөрдү өлкөгө кайтаруу ой жок. Бирок биринчи маселени Кумтөрдөн баштайм», - деп айтты Жапаров.

Тэги: Жапаров Кумтөр иш программа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть