Жапаров: Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык

26.10.2020, 09:25 Акчабар
Жапаров: Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кочкор районуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышты, ошондой эле анын курулушунун долбоору менен таанышты.

Бул долбоортолугу менен Катар мамлекетинин «Катар Чарити» кайрымдуулук уюмунун эсебинен пландаштырылып жаткандыгы айтылды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоонун алкагында курулушту 2022-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

«Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Ал мен үчүн абдан маанилүү. Айыл жери үчүн мындай обьектинин курулушу – бул чоң жаратман процесс, бул жеке мен үчүн да мааниси зор саналат», - деди Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.

Өкмөт башчы бардык күч-аракетин инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жумшай тургандыгын белгиледи.

«Долбоор негиздөөчүлөрү уруксаат документтерин алуусу үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен, аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз буга кескин каршы турабыз. Мындайга жол берилбеши керек. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык»,- деп билдирди Садыр Жапаров.

Тэги: Жапаров инвестор Мантыш айылы иш сапар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть