akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: КР Өкмөтү

    Опубликовано

    23.10.2020, 11:40

    Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты.

    [news 29242]

    «Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумун өткөрүү – учурдун талабы»,- деп айтты Жапаров.

    Андан сырткары, өкмөт башчы инвесторлорду коргоо боюнча иштерге токтоло кетти.

    «Биринчиден – өзүңөр билгендей, бул аптада мен расмий түрдө экономикалык мунапыс жарыяладым. Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат. Экинчиден: ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотулат. Бүгүнкү күндүн башкы милдети – ишкерлерди колдоо, коргоо жана инвесторлордун ишенимин кайтаруу.Үчүнчүдөн, бюджеттин тартыштыгы 28 млрд сом менен кабыл алынган. Бирок мага келген маалыматтар боюнча реалдуу картина андан да жаман экендигин көрдүк»,- деп айтты өкмөт башчы.

    Жапаровдун айтымында бюджет боюнча чыныгы маалыматтар жакында чыгат. Жагдай жакшы эмес. Бул боюнча бир катар мамкызматкерлерге тапшырмалар берилет.

    - Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылсын, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылсын.

    - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн оптималдаштырылсын. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети даярдалсын, керекпи – жаңы редакциялар дагы жазылсын.

    - Салык жаатында зарыл болгон бардык реформалар толук ишке ашырылсын.

    - Бизнести жүргүзүү боюнча эрежелерди жөнөкөйлөштүргүлө.

    - Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизмдерди киргизгиле.

    - Жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген түрдө насыялоону кайра жандандыргыла. Мында бир дагы коррупциялык схемага жол берилбесин!

    - Бажы жана фискалдык органдардын ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бизнеске өз убагында жана токтоосуз маалыматтарды берип тургула.

    - Бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын баарын ачыкка чыгаргыла, бюджеттин кирешесин көбөйткүлө.

    - Бажы системасына тез аранын ичинде автоматташтырылган программалык системаны ишке киргизгиле.

    - Тең атаандаштыкты жок кылган контрабандалык товарлар чек араларда катуу көзөмөлгө алынсын.

    - Банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу катуу камсыз болсун.

    - Өлкөдө дестабилизация жана Өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдери каралсын.

    - Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча мыйзамдык ченемдер күчөтүлсүн.

    - Тышкы иштер жаатында: Кыргыз Республикасына укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги ишенимди калыбына келтирүү максатында ырааттуу саясат жүргүзүлсүн.

    Ал эми укук коргоо органдарына, анын ичинен Башкы прокуратурага өзгөчө тапшырмаларды берем:

    - Биринчиден – ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге эч кандай тоскооолдуктар болбосун.

    - Жетекчилик кызматтарга өз алдынча мыйзамсыз дайындоолорго, рейдерлик тартып алууга, жерлерди басып алууга, өндүрүш объектилерине санкциясы жок кирүүгө, менчиктин формасына карабастан мекемелерге, уюмдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбесин.

    - Экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу боюнча милдеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү карап чыккыла.

    - Бизнестин ишине укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсү жокко чыгарылсын. Башкысы – ишкерлер, инвесторлор корголсун!

    Садыр Жапаров акыркы учурдагы бизнес чөйрөсүнө карата жасалган мыйзамсыз көрүнүштөргө өзүнчө токтолду.

    «Тилекке каршы, учурда өлкөбүздө жаралган кырдаалдан пайдаланып, киреше алып келип жаткан Жер-Үй, Металл-Кен, Терек-Сай сыяктуу инвестициялык ишканалардын мүлкүн бүлүндүрүп кетишти. Бул окуялар ансыз да 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясынан зыян тарткан экономикабызды – ого бетер оорлотту», - деп айтты Жапаров.

    Сөзүнүн аягында Жапаров эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-акыйкатчы жана эл үчүн эшиги дайым ачык экенин билдирди.


    Читать похожее

    • 15.11.2023, 04:30:23
    • 23.10.2020, 05:40:56