Пенсионер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет жардам берүүдөн баш тартып атабы?

07.04.2020, 16:00 Акчабар
Пенсионер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет жардам берүүдөн баш тартып атабы?

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көрсөтүлгөн жардам тууралуу республикалык штаб дайыма маалымат берип турат. Бирок,VB.KG басылмасы берген маалыматка ылайык, мамлекеттен жардам баардык муктаждарга эле бериле бербейт.

Басылма берген маалыматка ылайык, «ЖЭК-52» кооперативдик турак-жайда жашаган Лобовь Щеглова аттуу үй комитетине, муктаж болгон пенсионер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмесин кыскартууну билдиришкен.

«Мен муктаж болгон жарандардын тизмесин түзүп барганда мага аны кыскартууну айтышты. Алардын айтымында, тизмедеги бардык жарандарга, мамалекет тараптан берилген жардам жете бербейт. Жыйынтыгында, пенсионер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кыскартып отуруп 22 адамдын гана аты калды», — деп жазат басылма үй комитетинин билдирүүсүнө таянуу менен.

Үй комитети кошумчалагандай, Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялангандан бери «ЖЭК-52» турак-жайында жашаган бир дагы жаран мамлекеттен жана жеке адамдардан дагы эч кандай жардам алыша элек.

Тэги: жардамга муктаж жарандар өзгөчө абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть