Дыйкандарга үмүт берген жарманке

11.10.2019, 14:46 Акчабар
Дыйкандарга үмүт берген жарманке

Учурда дыйкандардын оруп-жыйноо маалы аяктап калган убак. Ак эмгек, маңдай тер менен кылган мээнеттин акыбети кайтабы, азырынча бүдөмүк экенин дыйкандар айтышууда. Себеби, быйыл картөшкөгө болгон баа 6-8 сомду түзсө, кант кызылчасы дагы жылдагыдан арзан баага сатылууда. Мындан башка маселелер мисалы, эрте жааган кардын астында калган арпа-буудай, өрүк ж.б. жемиштер дагы дыйкандарды ого бетер бушайманга салды.

11-13 – октябрь күндөрү Бишкектин 7-апрель– Анкара көчөсүндө жайгашкан Фрунзе гипермаркети астында дыйкандардын жарманкеси өтмөкчү. Анда дыйкандар өз эгин талаасынан өстүргөн жер-жемиш ж.б. ортомчусуз сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу жарманкенин демилгечиси жана уюштуруучсу жаш ишкер Тилек Токтогазиев төмөндөгүлөргө токтолду:

«Дыйкандарга жеңилдик түзүү максатында, өзум дагы дыйкан катары Бишкектеги чоң соода борборлорунун жетекчилери менен, соода борборунуун тегерегиндеги аянтка жарманке өткөзүү тууралуу сунушумду билдирдим. Алар колдоп беришти. Жарманкенин бирден-бир максаты – дыйкандардын эмгегин актоо. Мисалы, соода борборунун ичинде сатылып жаткан жер-жемиштердин баасы, сырттагы жарманкеден кымбат. Мындай ортомчусуз сатуу жолу бир гана түшүм ээлерине эмес, кардарлар үчүн дагы жакшы.»

Дыйканчылык менен көптөн бери алектенип келген Кубаныч быйылкы мөмө-жемиштердин кардарларга түз сатылып жатканы дыйкандар үчүн жакшы демилге деп билдирет.

«Жыл сайын базарга барып, дүңүнөн сатып алуучуларга гана өткөзүп келчүмүн. Быйыл мен сыяктуу дыйкандарга ортомчусуз, ошону менен катар товарларыбыз турган жер үчүн эч кандай ижара акысын төлөбөй сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Баалар өтө кымбат эмес. Мындан түшкөн каражатка кайрадан эле, теплицага жабдыктарды алабыз.»

Жарманкеге алыскы Баткен аймагынан дагы дыйкандар келишкен. Алар кургатылган өрүктү болгону 70 сомдон сатышууда. Ал эми соода борборлорунда жана базарларда кургак өрүккө болгон баа 150-200 сомдун тегерегин түзөт. Картөшкөнүн бир кг. болгон баасы – 12 сом, соода борборунун ичинде – 15-20 сомду түзөт.

Сатуучулар айыл-чарба министрлиги түздөн-түз дыйкандар менен иштешпей жаткандыгын билдиришти. Мисалы, сырттан алынып келинген картөшкө, жер-жемиштердин саны арбын болуп жатканы – жергиликтүү дыйкандарга атаандаштык рыногун күчөтүүдө. Мындан сырткары, күйүүчү майдын күзгү оруп-жыйноо убагында кымбаттап кеткен учурлары дагы болот. Жергиликтүү бийлик өкмөт менен сүйлөшүп, дыйкандар үчүн арзан баадагы күйүүчү май алынып келинсе деген тилекте. Ушул сыяктуу ж.б. маселелер айыл-чарба тармагында арбын экени талашсыз.

Уюштуруучулар соода борборлору менен сүйлөшүүлөрдү гана жүргүзбөстөн, дыйкандар үчүн текче, чатыр жана ижарага акы төлөбөй турган мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришкен. Эгерде жарманке жакшы жыйынтык берсе дагы сатуу жерлерин көбөйтүү жана жума сайын уюштуруу планы бар экенин билдиришти. Учурда жарманке Бишкектин 7-апрель-Анкара көчөсүнүн кесилишиндеги жана Бишкек ЖЭБдин жанындагы Фрунзе соода борборлорунун аймагында өтүүдө.

Тэги: жарманке дыйкандар мөмө-жемиш Тилек Токтогазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть