Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду

09.10.2020, 13:25 Акчабар
Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну жаңы курам түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть