Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолукту

19.02.2020, 15:30 Акчабар
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык артыкчылыктуу багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция жаатындагы багыттарда Венгрия менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Венгрия Элчилигин Кыргызстанда ачуу достук мамилелерди жана биргеликте аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөрүн кошумчалады.

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто венгер тарап Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди. Венгрияда 2020-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш сапары чыдамсыздык менен күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Петер Сийярто бул күтүлүп жаткан иш сапар эки жактуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга өбөлгө боло тургандыгын ишенимдүү айтты.

Петер Сийярто аны менен бирге келген делегациянын курамында инвестициялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу үчүн 30дан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү бар экенин маалымдады. Венгер компанияларынын кыргызстандык рынокко болгон кызыгуусу өлкөнүн ачыктыгынын белгиси экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, ал Венгрия салык тармагын реформалоо, инвестициялык кызматташууну жакшыртуу жана экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алып, окутууга даяр экенине токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квоталарды көбөйтүүгө да даярдыгын белгиледи.

Тэги: Жээнбеков Венгрия ТИМ жолугушуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть