Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.07.2020, 10:00

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине жеке жана юридикалык жактардан кайрымдуулук жана гуманитардык жардам катары түшкөн каражат боюнча маалымат берди.

[news 25710]

Анын айтымында, аталган эсепке 139 млн 975 миң 253 сом келип түшкөн.

Депозиттик эсептеги каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия 138 млн 294 миң 100 сомду төмөнкүчө бөлүштүргөн:

- медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары 38 млн 559 миң 300 сом (комиссиянын 31-марттагы протоколу) жана 95 млн 584 миң 800 сом (комиссиянын 28-апрелдеги протоколу);

- жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга − 4 млн 150 миң сом.

«Бүгүнкү күнү ал эсепте 1 млн 581 миң сом турат» – деди ал.


Читать похожее

  • 03.07.2020, 04:00:23