Жемкорлуктан түшкөн акча 2 млрд. сомго жакындады

02.12.2019, 15:50 Акчабар
Жемкорлуктан түшкөн акча 2 млрд. сомго жакындады

Коррупциядан тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 20-ноябрына чейин 1 млрд. 909,7 млн. сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 941 млн. 517 миң сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) - 332 млн. 792 миң сом, Башкы прокуратура - 628 млн. 307 миң сом, Ички иштер министрлиги (ИИМ) – 7 млн. 85 миң сом которгон.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Буга чейин өлкө башчы жемкорлуктан кайтарылган акчанын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар куруларын билдирген.

Тэги: жемкорлук каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть