Орусиянын элчиси Николай Удовиченко “Жерүй” кенине барды

24.09.2019, 10:09 Акчабар
Орусиянын элчиси Николай Удовиченко “Жерүй” кенине барды

2019 – жылдын 21-сентябрында Талас облусундагы ОсОО “Альянс Алтын” тарабынан иштелип жаткан, “Жерүй” алтын кенине РФ Өзгөчө кырдаал жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана РФ КР соода өкүлү Валерий Латыпов келип кетти.

Генералдык директор Михаил Шубиндин коштоосу менен келген меймандар курулуштун жүрүшү жана калдыктарды сактоочу жайы тууралуу кенен таанышышты. Өндүрүштөгү жумуштун жүрүшү жана жакынкы бир ай аралыгында кен ишканасында тоо-кен казып алуу иштери башталаарын жана бир жыл ичинде 1.3 млн. тонна руда казылуусу пландалып жатканын директор кошумчалады.

Элчи Николай Удовиченко жасалып жаткан иштерге жогору баа берип, ишкананын технологиялык жана экономикалык нормаларды сактап жатканыдыгын жана бул долбоордун ишке ашуусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалда өсүшүнө чоң таасирин тийгизээрин кошумчалады.

Валерий Латыповдун айтымында, “Жерүй” долбоору ЕАЭС амлекеттер ортосунда эн маанилүү орунда турмакчы.

Ишканага курулуш иштерине керектелген материалдар, машина жана жабдуулардын Орусиядан сапаттуу фирмалардан келишине жардам беребиз” – деп билдирди Валерий Латыпов.

Тэги: Жерүй элчи Николай Удовиченко Михаил Шубин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть