Жерүй кени алгачкы алтын куймасын кыш мезгилинин аягына чейин чыгарат

07.01.2021, 11:40 Акчабар
Жерүй кени алгачкы алтын куймасын кыш мезгилинин аягына чейин чыгарат

Таластагы Жерүй кениндеги алтынды калыбына келтирүүчү фабрика январь айынын аягында, ал эми февралдын башында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Талас облусуна болгон иш сапарынан соң билдирди.

«Бүгүн иш сапарымдын алкагында Таластагы Жерүй кенине бардым. Анда алтынды калыбына келтирүүчү фабрика январь айынын аягында, февралдын башында пайдаланууга берилери белгилүү болду», - деп билдирген Новиков.

Кыш мезгилинин аягына чейин компания алгачкы алтын куймаларын чыгара баштайт.

«Өкмөт ишкананын ишине максималдуу жардам көрсөтөт. Кыш мезгилинин аягына чейин фабрика биринчи алтын куймасын чыгарат деп ишенем. Өз кезегинде, компания буга чейин алган бардык милдеттенмелерин аткарат», - деди Новиков.

Андан сырткары, Артем Новиков өкмөт үчүн инвесторлордун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу маанилүү экендигин билдирген.

«Өкмөт үчүн инвесторлордун үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу маанилүү. Ошол эле учурда биз жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу маселесине чоң көңүл бурабыз. Дагы бир маанилүү маселе - бул товарларды өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү. Ишкана жергиликтүү продукцияны максималдуу колдонушу керек», - деп билдирген Новиков.

Ошондой эле калдык сактоочу жайдын курулушуна жергиликтүү активисттердин катышуусу менен көз карандысыз чет элдик эксперттер тарабынан анализ жүргүзүү зарылдыгы айтылган.

Тэги: Талас Жерүй кен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть