Жогорку Кеңеш ишкерликти жөнгө салуу боюнча документ кабыл алды

05.05.2020, 14:00 Акчабар
Жогорку Кеңеш ишкерликти жөнгө салуу боюнча документ кабыл алды

Жогорку Кеңеш 30-апрелде жаңы экономикалык эркиндик жана өнүгүү тууралуу акт кабыл алган. Анда ишкерликти өркүндөтүү чаралары каралган. Бул тууралуу өкмөткө караштуу бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин катчылыгы билдирди.

Депутат Кыныбек Иманалиев билдиргендей, жакынкы арада ишкерликти өнүктүрүү жана өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу боюнча бир катар мыйзам долбоорлор даяр болот.

Каныбек Иманалиев аткарган иштери боюнча бир катар депутат жана эксперттерге ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, тийиштүү актыны иштеп чыгууга 30га жакын депутат катышкан.

Актыда COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономикалык кризистин алкагында Кыргызстандын экономикасы эң начар абалда экендиги белгиленет. Экономика министрлигинин акыркы жүргүзгөн анализине ылайык, Кыргызстандын 2020-жылдагы ИДПсы 6.8% кыскарышы күтүлүүдө. Экономикалык кризис азыртадан эле эмгек мигранттарынын акча которууларынын олуттуу төмөндөшүнө, улуттук валютанын 15%га девальвацияланышына алып келди.

«Өкмөттүн берген баасына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин республикалык бюджеттин көлөмү 400 млн долларга чейин төмөндөшү мүмкүн. Негизги соода өнөктөштөр менен болгон соода шарттарынын кескин начарлоосу жана ички суроо-талап төмөндөөдө», — деп жазылат актыда.

Чакан жана орто бизнеске терс таасирин тийгизип жатат. Алардын өлкө экономикасындагы үлүшү 40% түзөт. Бизнеске олуттуу колдоо болбосо, компаниялар кыйроого учурап, экономикалык кризис узак мезгилге созулуп, жумушсуздукка, кедейчиликтин санынын өсүшүнө, бюджет кирешесинин төмөндөшүнө алып келет.

Өкмөт менен Улуттук Банктын ишкерлерди колдоо чаралары негизинен салыктарды жана кредиттердин негизги суммасын төлөө мөөнөтүн узартууга, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө боюнча туумдарды жокко чыгарууга жана текшерүүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.

«Бул шарттарда мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоонун жападан жалгыз ыкмасы бизнеске болгон административтик оордуктарды кординалдуу кыскартуу жана өлкөдө ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын реалдуу жакшыртуу болушу мүмкүн.
Бүгүн экономикалык кризистен чыгуу үчүн жарандардын ишенимин жана колдоосун алууга чакырылган жана кыска мөөнөттө социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берген жаңы экономикалык саясат турмуштук зарылчылык. Ушуну менен гана биз өнүккөн экономиканы кура алабыз жана өз алдынча жетишкен өлкө боло алабыз», — деп жазылат актыда.

Жаңы экономикалык саясат төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:

-ИДПдан мамлекеттик чыгашарарды 25%га чейин чектөөгө;
-ИДПдан мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын 3%га чейин төмөндөтүүгө;
-капиталдарды амнистиялоо жүргүзүүгө;
-лицензияларды (уруксат берүүчү документтерди кыскартуу) көбөйтүүгө толук тыюу салууга, бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө жана ар жылдык патент төлөө менен жеке ишкердикке толук эркиндик берүүгө;
- капиталдын кыймылынын толук эркиндигине;
-мамлекеттик менчикти жана башка активдерди толук инвентаризациялоого;
-рентабелдүү эмес мамлекеттик менчикти аукцион аркылуу сатууга, менчиктештирүүгө;
-жеке менчикти чыңдоого;
-салыктардын санын кыскартууга;
-салыктык текшерүүлөрдү кошо алганда, текшерүүлөрдүн санын кыскартууга;
-бизнес чөйрөнү начарлаткан мыйзам долбоорун демилгелөөгө тыюу салууга;
-мамлекеттик башкаруунун иш-милдеттерин инвентаризациялоо жана керексиз түзүмдөрдү жоюуга;
-жакынкы 3 жылда мамлекеттик аппаратты 10-20% жана
кийинчерээк - 30% кардиналдуу кыскартууга;
-социалдык колдоого жана акыйкат мамлекеттик даректүү жардамга (курагы боюнча, ден соолугунун абалы боюнча жана д.у.с.);
-социалдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн кыскартууга, социалдык салыкты киргизүүгө жана топтолмо пенсиялык тутумга өтүүгө;
-бизнести текшерүүнү толугу менен санариптик форматка өткөрүүгө;
-ишкердик ишти жөнгө салууну кыскартууга, бизнести өзүн өзү жөнгө салуу принцибине өткөрүүгө жана адам факторлорун алып салууга;
-экономикалык кылмыштарды декриминализациялоого;
-инвесторлор үчүн менчик укугун коргоого жана кепилдиктерди камсыз кылууга;
-накталай эмес төлөмдөрдү, көмүскө экономиканы төмөндөтүү натыйжасы катары товарларды көзөмөлдөө принцибин киргизүүгө;
-экономикалык негизделген тарифтерге өтүүгө;
-ири улуттук инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке киргизүүгө;
-жаңы Инвестициялык кодексти кабыл алууга.

«Реформанын бардыгы тең кризистен башталат. Бул жылы пандемия дүйнөнүн 170 өлкөсүнө терс таасирин тийгизет. Өкмөт ишкерлерди колдоп, жаңы инвестициялык кодексти кабыл алуусу керек», —деп белгиледи Каныбек Иманалиев.

Тэги: ЖК акт Депутат Каныбек Иманалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть