2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы 765 млн сомду түзгөн

30.09.2020, 10:10 Акчабар
2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы 765 млн сомду түзгөн

2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы – 765 млн сомду, президенттин аппаратынын чыгашасы – 151.5 млн сомду, өкмөттүн чыгашасы – 207.6 млн сомду, президенттин жана өкмөттүн админстрациясы – 641.6 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.

Ведомстводон белгилешкендей, чыгашалар бир гана айлык акыга эмес, аталган мекемелердин чарба иштерине дагы жумшалган.

Андан сырткары, мамлекеттик маанидеги чыгымдарга 2019-жылы 481.1 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен чыгашалар:

  • экс-президенттерге — 800 миң сом;
  • мамлекеттик сыйлыктарга — 8.1 млн сом;
  • саммит өткөрүүгө — 472.1 млн сом.

«2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашасы 1 млрд сомду, ал эми президенттик аппараттыкы 1.5 млрд сомду түздү деген маалымат чындыкка дал келбейт. 2019-жылы президенттик аппаратка, өкмөттүн аппаратын жана президенттин жана өкмөттүн администрациясын каржылоого бюджеттен 1 млрд 481.8 млн сом бөлүнгөн», — деп билдиришти финансы министрлигинен.

Тэги: каражат чыгаша Жогорку Кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×