Жөлөк пул, пенсия жана айлык акылар убагында берилет

17.03.2020, 13:30 Акчабар
Жөлөк пул, пенсия жана айлык акылар убагында берилет

Өкмөт жөлөк пул, пенсия жана айлык акыларды өз убагында берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева маалымдады.

Ал бюджеттик тармактык кызматкерлеринин айлык маянасы кармалып жатат деген маалыматты четке какты.

«Айлык акы, жөлөк пул жана пенсияны өз убагында беребиз. Эч кандай кечигүүлөр болбойт», — дейт финансы министр Бактыгүл Жээнбаева.

Ал эми массалык түрдө өтө турчу маданий жана спорттук иш-чаралырды каржылоо токтотулганы маалым болду.

«Бюджеттти канчалык үнөмдөп жатканыбызга карабай эгер бажы жана салык кызматы төлөмдөрдүн планын толтура албаса, анда бюджетте эң жок тартыштык болушу күтүлөт. Ошондуктан биз эл-аралык донорлор менен жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз», — деп кошумчалады финансы министр.

Тэги: жөлөк пул айылк акы пенсия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть