Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом компенсация төлөнүп берилет

04.09.2020, 12:45 Акчабар
Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом компенсация төлөнүп берилет

Жумуш учурунда COVID-19 илдетине чалдыгып, жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Республикалык штаб кошумча маалымат таратты.



«Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын Комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат», - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:

  • Ош облусунан -113 документ;
  • Талас облусунан – 33;
  • Чүй облусунан – 337;
  • Баткен облусунан – 25;
  • Нарын облусунан – 35;
  • Ысык-Көл облусунан – 48;

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн. Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.

Тэги: COVID-19 илдет компенсация медкызматкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть