Опубликовано
13.07.2020, 04:40Июнь айында Жогорку Кеңешке бюджеттен 97 млн 227.5 миң сом же 1 млн 249.7 доллар сарпталган. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирди.
[news 25838]
Белгилей кетсек, май айына салыштырмалуу, чыгымдар 2.5 эсеге көбөйгөн (май айында бул көрсөткүч 39 млн 610.4 млн сомду түзгөн).
Адаттагыдай эле, каражаттардын басымдуу бөлүгү айлык маянага коротулган.
Жогорку Кеңештин Июнь айындагы чыгымдары (сом менен)
Айлык акы |
77 210.1 миң |
Социалдык муктаждыктарга төлөмдөр |
10 539.5 миң |
Товарларды жана кызматтарды колдонуу |
8 682.6 миң |
Товарларды жана кызматтарды сатып алуу |
393.3 миң |
Калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча пособиядар |
18.0 миң |
Социалдык камсыздандыруу боюнча пособиялар |
11.0 миң |