Жыл башынан бери эң көп  шекер жана өсүмдүк майы кымбаттады

25.11.2020, 09:30 Акчабар
Жыл башынан бери эң көп  шекер жана өсүмдүк майы кымбаттады

2020- жылдын октябрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Муну менен бирге, чеснокко - 1,6 эсеге, кумшекерге - 27,4 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 25,0 пайызга, быйылкы жаѕы бышкан жемиштерге - 16,9 пайызга, гречиха акшагына - 16,0 пайызга, жаѕы союлган этке - 15,9 пайызга, унга - 15,6 пайызга, картошкага - 15,1 пайызга, макарон азыктарына - 15,0 пайызга, тооктун жумурткасына - 7,1 пайызга, накта балга - 5,8 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 5,3 пайызга, катуу сырларга - 4,4 пайызга жана күрүчкө - 4,0 пайызга кымбаттаган.

Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу лимондун (2,1 пайызга), таруунун (1,3 пайызга), гречиха акшагынын (1,1 пайызга), ээригич накта кофенин (0,3 пайызга) жана ак (каймак) май балмуздакка (0,2 пайызга) бааларынын төмөндөгөнү белгиленди.

Тэги: шекер өсүмдүк майы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть