2020-жылдын башында 29,9 миң тонна эт өндүрүлгөн

15.02.2020, 09:00 Акчабар
2020-жылдын башында 29,9 миң тонна эт өндүрүлгөн

2020 - жылдын башында республиканын чарба субъектилеринин бардык тармактарында 29,9 миң тонна эт өндүрүлгөн. 2019-жылдын январь айына салыштырмалдуу 498 тоннага же 1,7 пайызга көп болгон. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинен билдиришти.

Республикада эттин көлөмүнүн жогорулашы чочкодон башка мал-жандыктарынын көбөйүшү менен шартуу болгон.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2020 - жылдын 1 - январындагы жыйынтык менен ири мүйүздү малдын саны 53,1 миң башка көбөйүп, 1 млн 680,4 миңди түзгөн.

Кой жана эчкилердин саны 97 миң башка көбөйүп, 6 млн 264,9 миң башты, аттын саны 23,9 миңге өсүп, 522,6 миң башты жана үй канаттууларынын саны 16,5 миң башка көбөйүп, 34,7 миңди түзгөн.

Республиканын бардык облустары тең этти көп өлчөмдө өндүргөнү белгилүү болгон.

Тэги: эт айыл-чарба мал-жандыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть