Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.02.2021, 10:00

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө КР Жер Кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

[news 32392]

Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2016-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан ЖЧКнын бирине 35 гектер жер тилкеси убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн 879 миң 980 сомдук зыян келтирилген.

Мындан сырткары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2017-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын орду толтурулбастан кайрадан эле башка ЖЧКна 26,17 гектер жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилип мамлекетке 1 млн 414 миң 382 сомдук зыян келтирилген.

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан 2020-жылдын 25-февралында мамлекетке келтирилген 4 млн. 294 миң 362 сомдук зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.


Читать похожее

  • 25.02.2021, 04:00:43
  • 31.01.2021, 21:25:23