Кайрадан шайлоо кылууга казынада каражат барбы?

06.10.2020, 19:00 Акчабар
Кайрадан шайлоо кылууга казынада каражат барбы?

Кыргызстанда кайрадан парламенттик шайлоо өтөт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан бүгүн, 6-октябрда кабыл алынган.

Белгиленгендей, экнчи парламенттик шайлоонун өтө турчу мөөнөтү жакынкы эки жума аралыгында такталат. Демек бюджет кайрадан чыгымга учурайт.

Эске сала кетсек, жакында эле өткөн шайлоого бюджеттен 723 млн сом бөлүнгөн. Ал эми кийинки шайлоого мындан дагы аз каражат бөлүнөрү тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Акчабарга» билдирди.

«Парламенттик шайлоону өткөрүүнүн мөөнөтү 1/3кө кыскарат. Азыр биз бюджеттен канча каражат бөлүнөрү туралуу так маалымат жок, бирок бул ирет мурункудан дагы аз бөлүнөт», — деп комментарий берди Абдрахматова.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2020-жылдагы такталган бюджети 828,4 миллион сомду түзгөн.

Ал эми казынада кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн каражат каралган эмес. Эске сала кетсек, пандемияга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын бюджетинде 27.6 млрд сом менен дефицит катталган. Азырынча бюджеттин кайсы белгиленген чыгашасынын ордуна шайлоонун чыгымдары толукталары белгисиз.

Финансы министрлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Себеби, ведомствого жогору жактан азырынча эч кандай эч кандай буйрук келе элек.

Кошумчалай кетсек, шайлоо мезгилинде саясий партиялар 668.9 млн сом коротушкан.

Бүгүн БШК 4-октябрда өткөн парламенттин жыйынтыгын официалдуу түрдө жокко чыгарды. БШКнын мыйзамына ылайык, кайрадан шайлоо 60 күндүн ичинде өтүүсү зарыл.

Тэги: Шайлоо БШК казына казына коргонуучу каражат Атыр Абдрахматова экинчи шайлоо \

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть