Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.09.2020, 11:40

    14-19-сентябрь күндөрү калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

    [news 27982]


    Каттоо кызматы белгилегендей, калган кызматтар мурункудай эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин көрсөтүлөт.

    «Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргизилүүсүнүн башкы шарты - биометрикалык каттоодон өтүшү. Жарандарга биометрикалык каттоодон өтүшүнө шарт түзүү үчүн өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы узартылды. 14-19-сентябрь күндөрү калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат», - деп билдирет Каттоо кызматы.

    Калкты тейлөө борборлорунун даректери:

    Бишкек:

    Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Нуркамал көчөсү 29.
    Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2 б
    Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 4
    Калкты тейлөө борбору-1 - Бишкек шаары, Ауэзов көчөсү 1/5
    «Фрунзе» гипермаркетиндеги калкты тейлөө борбору - Садырбаев көчөсү 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет)
    Т. Молдо көчөсүндөгү (21) калкты тейлөө борбору (Фрунзе көчөсү менен кесилишет)

    Чүй облусу:

    Шопоков калкты тейлөө борбору - Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү 1

    Ысык-Көл облусу:

    Каракол калкты тейлөө борбору - Каракол шаары, Гебзе көчөсү 124

    Нарын облусу:

    Нарын калкты тейлөө борбору - Нарын шаары, Токтосунов көчөсү 24

    Талас облусу:

    Талас калкты тейлөө борбору - Талас шаары, Дзержинский көчөсү №28

    Жалал-Абад облусу:

    Жалал-Абад калкты тейлөө борбору - Барпы Сейил көчөсү 220
    Базар-Коргон калкты тейлөө борбору - Базар-Коргон айылы, Курбанов көчөсү 1
    Сузак калкты тейлөө борбору - Сузак айылы, Каримбердиев көчөсү 1

    Ош облусу:

    Ош-1 калкты тейлөө борбору - Ош шаары, Ленин көчөсү 318
    Ош-2 калкты тейлөө борбору - Ош шаары, Раззаков көчөсү 2
    Өзгөн-1 калкты тейлөө борбору - Өзгөн шаары, Ленин көчөсү 115

    Баткен облусу:

    Баткен калкты тейлөө борбору - Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү 41
    Кызыл-Кыя калкты тейлөө борбору - Кызыл-Кыя шаары, Маяковский көчөсү 3


    Читать похожее

    • 14.09.2020, 05:40:58