Опубликовано
21.01.2022, 08:30Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун кайра каттоого республикалык бюджеттен 320 миллион сом бөлүндү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, каражат маалыматтарды топтогон 28 миң операторду окутууга, ноутбуктарды сатып алууга жана айлыктарды төлөөгө жумшалат.
Эске салсак, 25-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында сурамжылоо жолу менен калкты жана турак жай фондун каттоо өтөт. Жараян республиканын алыскы аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин созулат.