Калктын аярлуу катмарына 29-майга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

29.05.2020, 12:00 Акчабар
Калктын аярлуу катмарына 29-майга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн өлкө аймактарында калктын аз камсыз болгон аярлуу катмарына 2020-жылдын 29-майына карата берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча 106 764 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 982,1 тонна ун, 201,8 тонна макарон, 161 246 литр өсүмдүк майы, 228,1 тонна күрүч, 211,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 18 478 кг чай, 105 806 кг буурчак, 12 530 кг китлап, 448 кг эт, 33 337 коютулган сүт, 8 126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 2213 кг туз берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыктан текшерген термометр, 162 336 беткап, 2 925 респиратор, 1 220 бет жапкыч, 40 058 кол кап, 4 165 литр антисептик, 1 794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 6 654 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 100 даана медициналык баш кийим, 9 555 даана бахила, 9 500 даана шпатель.

Ош шаары

Ош шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 369 тонна ун, 82 300 кг макарон, 63 600 л өсүмдүк майы, 70 300 кг күрүч, 68 100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45 200 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 557,2 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 8,1 тонна хлор, 551 100 даана беткап, 4 300 л антисептик, 18 300 даана коргоо костюмдары, 267 500 даана кол кап берилди.

Ош облусу

Облус боюнча 103 157 муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 3 054 тонна 590 кг ун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, Өзбекстан Республикасынан 380 тонна ун, 75 тонна 488 кг макарон, 146 т 773 литр өсүмдүк майы, 73 т 337 кг күрүч, 43 тонна 561 кг кумшекер, 8 тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг картошка берилди.

Анын ичинен жеке тараптардан 52 618 үй-бүлөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик резервдер фондунан 36 727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1 947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн 492 миң сом, 10 615 үй-бүлөгө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат районуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүндү.

1 250 үй-бүлөгө (ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалып, жалпысы 11 865 үй-бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоо костюм 380 080 даана кол кап, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу жабдуу берилди.

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди.

Чүй облусу

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана демөөрчүлөр менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө.

Аймак боюнча 80 395 муктаж үй-бүлөгө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1312,46 тонна ун, 154 383 кг макарон, 133 893 литр өсүмдүк майы, 101 778 кг күрүч, 338 293 кг кумшекер, 5 833 кг эт, 39 644 кг картошка, пияз, сабиз, мындан тышкары 6935 кг буурчак, 10 105 пачка чай таркатылды жана башка азыктар.

Мындан тышкары, облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 426 000 (төрт жүз жыйырма алты миң) сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 45 701 кг хлор, 192 159 даана беткап жана респираторлор, 5 588 даана коргоо костюмдары, 89 905 даана кол кап, 1 503 даана атайын көз айнек, 10358,5 литр антисептик, 132 даана тепловизор/термометр жана 17 955 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

Жалал-Абад облусу

Аймак боюнча жардамга муктаж 93 998 үй-бүлөгө жардам катары 3240,25 тонна ун, 116 848,5 кг макарон, 158 192 литр өсүмдүк майы, 106 126 кг күрүч, 45 190 кг кумшекер, 4221,8 кг эт, 84 773 кг картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 26 070 867 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 39 тонна 909 кг хлор, 376 021 даана беткап, 9 662 литр антисептик, 5 307 даана коргоо костюмдары, 49 327 даана кол каптар, 1 030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары облустун аймагында коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 10234 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 11108 185 сом акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле, Токтогул районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы боюнча 469 үй-бүлөгө 70 350 тонна ун, 7 035 литр май таркатылды.

Мындан тышкары Ала-Бука, Ноокен райондорунда ишканалар, коомдук бирикмелер жана жеке ишкерлер тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Баткен облусу

Облус боюнча 33724 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 1389,6 т ун, 51 062 кг макарон, 62 851 литр өсүмдүк майы, 31 797 кг күрүч, 27 161 кг кумшекер, 1 493 кг эт, 7 792 кг картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 млн 151 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 т хлор, 100 577 даана беткап, 2585,5 литр антисептик, 1 967 даана коргоо костюмдары, 12 276 даана кол кап берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 804 тонна 760 кг ун, 109 т 150 кг макарон, 93 миң 164 литр өсүмдүк майы, 36 т 559 кг күрүч, 44 тонна 470 кг кумшекер, 1721,5 кг эт, 15 тонна 383 кг картошка берилди.

Жалпысынан 40 миң 131 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 1 млн 76 миң 660 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 13 010 кг хлор 118 239 даана беткап, 7 043 литр антисептик, 4 849 даана коргоо костюмдары, 211 868 даана кол кап берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча 30 869 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 1009 т 600 кг ун, 58 тонна 724 кг макарон, 46 тонна 979 литр өсүмдүк майы, 28 тонна 798 кг күрүч, 37 тонна 964 кг кумшекер, 3 тонна 315 кг эт, 1 493 кг чай жана 883 миң 500 сом акчалай берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 918,5 кг хлор, 122 675 даана беткап, 3 куб 387,8 литр антисептик, 19 229 даана кол каптар берилди.

Талас облусу

Талас облусу боюнча 12 159 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 695 тонна 95 кг ун, 10 тонна 934 кг макарон, 11 253 литр өсүмдүк майы, 10 тонна 207 кг күрүч, 459 даана чай, 3 586 кг кумшекер жана 1 335 кг эт азыктары таркатылып берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 849 кг хлор, 87 500 даана беткап, 1 993 литр антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5 322 даана кол кап берилди.

Тэги: калктын аярлуу катмары гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть