Калктын аярлуу катмарына 5-июнга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

05.06.2020, 11:10 Акчабар
Калктын аярлуу катмарына 5-июнга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн өлкө аймактарында калктын аз камсыз болгон аярлуу катмарына 2020-жылдын 5-июнга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча жалпысынан 125 447 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 1 146,55 тонна ун, 260,2 тонна макарон, 194139 литр өсүмдүк майы, 279,8 тонна күрүч, 261,3 тонна кумшекер, 21960 кг чай, 105806 кг буурчак, 64230 кг гречка, 12530 кг китлап, 448 кг эт, 33337 коютулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет жана 2213 кг туз берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыкта текшерген термометр, 162336 беткап, 2925 респиратор, 1220 бет жапкыч, 40058 кол кап, 4165 литр антисептик, 1794 даана көз айнек, 357 даана коргоочу костюмдар (көп жолу кийилет), 6654 даана коргоочу костюмдар (бир жолу кийилет) берилди.

Ош шаары

Шаар боюнча муктаж 62 553 үй-бүлөгө жардам катары 470 тонна ун, 82300 кг макарон, 63600 л өсүмдүк майы, 70300 кг күрүч, 68100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 557,2 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 8,1 тонна хлор, 551 100 даана беткап, 4 300 л антисептик, 18 300 даана коргоочу костюмдар, 267 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу

Облус боюнча муктаж 103 157 үй-бүлөгө жардам катары 3054 тонна, 590 кг ун, (анын ичинде КРнын мамлекетттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, Өзбек Республикасынан 380 тонна ун) 75 тонна 488 кг макарон, 146 тонна 773 литр өсүмдүк майы, 73 тонна 337 кг күрүч, 43 тонна 561 кг кумшекер, 8 тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг картошка берилди.

Анын ичинен жеке тараптардан – 52618 үй-бүлөгө, материалдык резерв фондунан – 36 727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

Республикалык бюджеттен Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 8 млн 492 миң сом бөлүнүп – 10 615 үй-бүлөгө, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат районуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп, 1250 үй-бүлөгө (ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалды. Жалпысынан 11 865 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоочу костюм, 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Чүй облусу

Чүй облусу боюнча муктаж 81298 үй-бүлөгө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1344,225 тонна ун, 157169,0 кг макарон, 137813,0 литр өсүмдүк майы, 103152,0 кг күрүч, 339789,0 кг кумшекер, 5985 кг эт, 41669,0 кг картөшкө, пияз, сабиз мындан тышкары 6935 кг буурчак, 10105 даана чай таркатылды.

Мындан тышкары, чогулган финансылык жардамдардын жалпы суммасы 426 000,0 (төрт жүз жыйырма алты) сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 47326,0 кг хлор, 197149 даана маска жана распираторлор, 5615 даана коргоо костюмдары, 92359 даана кол кап, 1663 даана атайын көз айнек, 10518,5литр антисептиктер, 146 даана тепловизор/термометр жана 18355 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облусу боюнча жардамга муктаж 94983 үй-бүлөгө жардам катары 3241,8 тонна ун, 117998,5 кг макарон, 159022 литр өсүмдүк майы, 106826 кг күрүч, 45900 кг кумшекер, 4221,8 кг эт, 84773 кг картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 26338667 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 40 тонна 954 кг хлор, 377021 даана беткап, 9716 литр антисептик, 5317 даана коргоочу костюмдары, 49627 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, облустун аймагында коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 10324 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 11108185 сом акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле, Ноокен районунда 100 жаштан ашкан 17 Баатыр энеге 23000 сомдук азык түлүк менен белектер тапшырылды.

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж 33845 үй-бүлөгө жардам катары 1390,1 тонна ун, 51133 кг макарон, 63043 литр өсүмдүк майы, 32181 кг күрүч, 27325 кг кумшекер, 1493 кг эт, 7792 кг картошка берилди.

Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 млн 151 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 100577 даана беткап, 2585,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж 44 миң 796 үй-бүлөгө жардам катары 110 тонна 10 кг ун, 109 тонна 450 кг макарон, 93 миң 476 л өсүмдүк майы, 36тонна 959 кг күрүч, 44 тонна 670 кг кумшекер, 1721,5 кг эт, 15 тонна 383 кг картошка берилди.

Чогулган акча каражаты 1 млн 76 миң 660 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 13100 кг хлор, 118239 даана беткап, 7134 литр антисептик, 4927 даана коргоочу костюмдар, 212568 даана кол каптар берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж 30 869 үй-бүлөгө жардам катары 1009 тонна 600 кг ун, 58 тонна 724 кг макарон, 46 тонна 979 литр өсүмдүк майы, 28 тонна 798 кг күрүч, 37 тонна 964 кг кумшекер, 3 тонна 315 кг эт, 1 493 кг чай жана 883 миң 500 сом акчалай жардам берилди. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 965,5 кг хлор, 119 817 даана беткап, 3 куб 454,8 литр антисептик, 19360 даана кол каптар берилди.

Талас облусу

Облус боюнча муктаж 12159 үй-бүлөгө жардам катары 695 тонна 95 кг ун, 10 тонна 934 кг макарон, 11253 л өсүмдүк майы, 10 тонна 207 кг күрүч, 459 пачка чай, 3586 кг кумшекер жана 1335 кг эт азыктары таркатылып берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 849 кг хлор, 87500 даана беткап, 1993 л антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.

Тэги: Өкмөт аппарат жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть