Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга дээрлик 500 млн доллар бөлүнөт

29.03.2022, 09:57 Акчабар
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга дээрлик 500 млн доллар бөлүнөт

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга дээрлик 500 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга старт берилет. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн доллар мобилизациялайт.

“Бул бизге кошумча 1000 МВт берип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт”,- деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 19-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барып, Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону тапшырган. Тактап айтканда, электр станциясына баруучу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырылган.

Тэги: Камбар-Ата-1 ГЭС Министрлер кабинети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть