Камбар-Ата 1 ГЭСинин гидроагрегаты 4 жылдан кийин ишке кирет

02.06.2022, 10:30 Акчабар
Камбар-Ата 1 ГЭСинин гидроагрегаты 4 жылдан кийин ишке кирет

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Нарын дайрасындагы Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясына жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер эки жыл аралыгында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын төрт жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.

Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1 миң 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын-ала божомол боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Кошумчаласак, президенти Садыр Жапаров жакында берген маегинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Казакстан жана Өзбекстан катышууга кызыгуусун билдирип жатканын айткан.

Тэги: камбар ата ГЭС курулуш Доскул Бекмурзаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть