Камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланышкан мыйзам долбоору каралды

25.01.2022, 09:41 Акчабар
Камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланышкан мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КРнын айрым мыйзам актыларына, тагыраагы, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” жана “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гульнура Джуматаева мыйзам долбоору чакан жана орто ишкердик субъектилерин колдоого багытталганын белгилеп: “Мамлекеттик бюджеттен каржыланган жана мамлекеттин үлүшү 51%дан ашык болгон уюмдарды, ишканаларды жана мекемелерди кошпогондо, түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн регресси́вдүү шкаласын белгилөө аркылуу тариф чендерин 2022-жылдан баштап, 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө азайтуу каралууда”, – деди.

Талкуу маалында комитет төрайымы Динара Ашимова эмне үчүн үч жылдык мөөнөт каралып жатканына кызыгып: “Ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп жатканыңыздар абдан жакшы. Бирок көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда бул мөөнөт өтө аз болуп калат. Анткени үч жылдан кийин кандай кепилдиктер болоору мыйзамда көрсөтүлбөптүр”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Гульнура Джуматаева бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен эксперимент катары үч жыл чегерилгенине токтолуп: “Андан соң мөөнөттү токтотуу же узартуу маселеси каралат. Бирок сунуштар болсо, кайра карап чыгууга даярбыз”,– деди.

Талкуудан соң бардык сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Тэги: Жогорку Кеңеш камсыздандыруу төгүмдөрү Социалдык фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть