«Капитал Банк» дивиденддерди төлөөгө дээрлик 34 млн сом жумшайт

01.04.2021, 11:30 Акчабар
«Капитал Банк» дивиденддерди төлөөгө дээрлик 34 млн сом жумшайт

«Капитал Банк» 2019-жылдын жыйынтыгы менен бөлүштүрүлбөй калган кирешелерди дивиденддерди төлөөгө жумшайт. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.

Акционерлердин баалуу кагаздар боюнча кирешесинин көлөмү 34 млн 177 миң сомду түздү. Ар бир жөнөкөй акцияга 2.77 сомдон эсептелинет. Тиешелүү чечим 26-мартта өткөн жылдык жыйында маалым болду.

«Дивиденддер накталай жана накталай эмес түрдө акционердин талабына ылайык төлөнүп берилет. Төлөмдөр үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта башталган», — деп билдиришти банктан.

Кошумчалай кетсек, банктын башкы акционерлери болуп Чыныбай уулу Эржан (төлөнгөн уставдык капиталдын 40%), Турсунбекова Айдай Чыныбаевна (төлөнгөн уставдык капиталдын 30%) жана Турсунбекова Айдай Чыныбаевна (төлөнгөн уставдык капиталдын 30%) эсептелинишет.

Тэги: акционер Капитал Банк дивиденд киреше төлөмдөр биржа фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть