Мамлекеттик сатып алууларга жүз миллион сомдогон каражаттар коротулат

14.11.2019, 12:06 Акчабар
Мамлекеттик сатып алууларга жүз миллион сомдогон каражаттар коротулат

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк аренада бардык өлкөнүн өнүгүү саясаты жашыл сатып алууларга барып такалат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда каржы министрликтин стат-катчысы Абдыкалык Шамшеев «Кыргызстанда жашыл сатуу жүргүзүү ишке ашабы же максат бойдон калабы?» деген темадагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жыл сайын жүз миллион сомдон ашык акча каражаттар коротулат. Бул ИДПнын 13% түзөт. Айлана-чөйрпөгө ИДПдан 0,2% түзөт.

«Тилекке каршы, сатып алууларды жүргүзүп жатканда, биз жашыл экономиканы коргоого көңүл бурбайбыз. Азыр дүйнө жүзү бардыгы ушул багытта кетүүдө. Аны менен Кыргызстан дагы жашыл экономикага өтүүнү колго алды», - деп айтты.

Мамлекеттик сатып алуулардын жоболоруна өзгөртүүлөр кигизилгендигин кошумчалады.

«Мамлекеттик сатып алуу учурунда, баа саясатын карайбыз. Жашыл сатып алууларда – баа эң башкы мааниге ээ эмес. Бул принцип бардык дүйнө жүзүндө иштейт, биз ушул багытты карай кетишибиз керек», - деп кошумчалады.

Тэги: каражат жүз миллион сом 20 миң киши

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть