Опубликовано
02.10.2020, 07:45Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Кыргызстан карантин алынгандан кийин кайсы өлкөлөр менен аба каттамын жандандырганы тууралуу айтып берди.
[news 28560]
Учурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган.
Анын айтымында, Түркияга «Бишкек-Стамбул» багыты боюнча «Түрк аба жолдору», «Пегасус Эйрлайнс» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары учуп жатат. Алар жумасына 4 каттамдан аткарууда. Ал эми «Бишкек-Анталия» багыты боюнча «Пегасус Эйрлайнс» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары аптасына 2 жолу каттап жатат.
Ошондой эле «Бишкек-Дубай» багыты боюнча «Флай Дубай» авиакомпаниясы жумасына 3 жолу каттап жатат.
«Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен аба каттамын жандандыруу чечими кабыл алынып, Өзбекстанга «Ташкент-Бишкек» жана Казакстанга «Алматы-Бишкек» багыты боюнча каттамдар жүргүзүлүп жатат», - деди ал.
24-сентябрдан тарта Россия менен «Бишкек-Москва» багыты боюнча аба каттам жандандырылып, учурда «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниялары жумасына бир жолудан каттап жатышат.