Akchabarsearch
Источник фото: Кабар

Опубликовано

27.03.2020, 10:00

Учурда айлык маяна, пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында берилип жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

[news 22495]

«Ушул тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акылар, жөлөк пулдар боюнча бардык төлөөлөрдү жана бюджеттин башкы чыгашаларын каржылоолорду өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз», - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.


Читать похожее

  • 12.08.2024, 00:00:00
  • 03.11.2023, 01:29:10
  • 26.10.2023, 21:30:37
  • 11.10.2023, 21:00:14