Каржы полициясы: «Өлкөдөн мыйзамсыз 700 млн $ эмес, 932 млн 736 миң $ которулган»

27.11.2019, 16:38 Акчабар
Каржы полициясы: «Өлкөдөн мыйзамсыз 700 млн $ эмес, 932 млн 736 миң $ которулган»

Депутат Мирлан Жеенчороев («Республика—Ата-Журт») 26-ноябрда өткөн экономика жана фикальдык саясат боюнча жана мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттердин жыйынында «Азаттыктын» иликтөөсүнө өкмөт кандай чечим чыгараарын сурады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, бардык фактылар укук коргоо органдары тарабынан текшерилген соң гана жыйынтык чыгарууга болоорун билдирди.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын жетекчиси Бакир Таиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттар боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын айтты.

«Биз Кыргызстандын 17 банкынан акча которгон 3 жаранды аныктадык. 700 млн $ эмес, 932 млн 736 миң $ которулган. Айеркен Саймаитинин атынан жана «Абдыраз» компаниясынын атынан каражаттар Кытай, Турция, Литва, Улуу Британия, Германия ж.б. мамлекеттерге которулган», - деп айтты.

Таиров билдиргендей, акча которуунун негизги максаты кездеме, курулуш материалдарын, электрондук товарларды сатып алууга жана карызды кайтарууга, жер аянтчаларды, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга деп жазылган.

«Бул банктардын официалдуу жооптору. Бул факт боюнча, 19-июлда Айеркен Саймаити 2 млрд 602 млн сомду төлөбөгөндүгүнө жана киреше декларациясын көрсөтпөгөндугү үчүн салык текшерүүнү тапшырганбыз. Бул факт Кылмыш кодексинин 231-беренесине ылайык жазылып калынган. 2019-жылдын 30-августунда Саймаитиге күнөө коюлуп, соттун чечимине ылайык сырттан кесилген. 1-сентябрда ал издөөгө жарыяланган», - деген жообун узатты.

Тэги: Каржы полициясы мыйзамсыз акча Таиров Саймаити

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть