Кыргызстандын электр тармагы Кытайга 2025-жылы 10,9 млрд сом төлөөсү керек

10.03.2020, 16:31 Акчабар
Кыргызстандын электр тармагы Кытайга 2025-жылы 10,9 млрд сом төлөөсү керек

Энергетика тармагындагы карыздардын башкы бөлүгү - ААК «Кыргызстан улуттук электр тармагына» жана ААК «Электрдик станцияга» тийиштүү. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» жетекчиси Айтмамат Назаров Жогорку Кеңештин бюджет жанан финансы боюнча комитетинин 1993-жылдан 2018-жылга чейин электр тармагына жумшалган грант жана насыялар жыйынында билдирди.

«Кытайдын Эксимбанкынан алынган насыялардын 78% ААК «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» 500 кВ Датка—Кемин долбооруна жана өлкөнүн түштүгүндөгү ЛЭПти жаңылоого жумшалган. Насыялардын 65%«Электрдик станцияга» ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорго жумшалган», - деп билдирди Назаров.

Бул карыздар 2019-жылы график боюнча реструктуризация жолу менен төлөнгөн.

2019-жылы 3,9 млрд сомду реструктуризация өткөрбөстөн төлөнгөн.

«Бирок, график боюнча алдыда ири карызды төлөө керек», - деп билдирди Назаров.

«2020-жылы 5,5 млрд карызды берүү керек. Карыздын эң чоң көлөмүн 10,9 млрд сомду 2025-жылы төлөө керек. Ал эми 20145-жылы карызды төлөө 1 млрд 300 млн сомду түзүп калат», - деп айтты Назаров.

Кыргызстан улуттук электр тармагы график боюнча 2023-жылга 4,5-4,7 млрд сом карызды төлөөсү керек. «Карыздарды убагында төлөсө деле, насыя толук жабылбайт. Бардык энергокомпаниялардын ичинен «Кыргызстан улуттук электр тармагында» абал оор. Калган компанияларда бекитилген график боюнча, насыяларды кайра кайтарууда маселе жок. Бирок, «Электрдик станциянын» абалы дагы кыйыныраак», - деп билдирди ал.


Тэги: карыз Кытай электрдик тармак Эксимбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть