Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

16.03.2021, 06:50

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун аймагына 420 орундуу 9 кабаттуу корпус салынат. Каражат Катар мамлекети тарабынан бөлүнөт. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

[news 30781]

Анын айтымында, курулуш иштерине 9.2 млн доллар гранттык негизде бөлүнөт. Тиешелүү тендер Катар элчилиги тарабынан өткөрүлөт, курулуш иштери аяктаганга чейин бардыгы көзөмөлгө алынып турат.

«Элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтинин Кыргызстандагы иш-сапарынын жүрүшундө, борбордун курулушу пландаштырылып жаткан аймактын абалы менен таанышып, долбоорду эртерээк ишке ашырууга кызыкдар жана Катар мамлекетинин өкмөтү долбоорду каржылоого даяр экендигин билдирген», - деди Жумабеков.


Читать похожее