Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.11.2020, 03:05

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 млн беткап берди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

[news 30286]

Гуманитардык жардамдын баасы 77,7 млн сомду түзөт.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар менен беткаптар Бишкекке кеечээ, 25-ноябрда алынып келип, аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү иш-чарасы бүгүн, 26-ноябрь күнү болуп өтөт.

«Кыргыз тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, коронавируска каршы күрөштө көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалайт», - деп билдирет министрлик.


Читать похожее

  • 24.02.2021, 22:15:33
  • 22.12.2020, 22:20:52
  • 17.12.2020, 22:00:01
  • 25.11.2020, 21:05:27