Казакстан Кыргызстанга 77,7 млн сомго гуманитардык жардам жөнөттү

26.11.2020, 09:05 Акчабар
Казакстан Кыргызстанга 77,7 млн сомго гуманитардык жардам жөнөттү

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 млн беткап берди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Гуманитардык жардамдын баасы 77,7 млн сомду түзөт.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар менен беткаптар Бишкекке кеечээ, 25-ноябрда алынып келип, аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү иш-чарасы бүгүн, 26-ноябрь күнү болуп өтөт.

«Кыргыз тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, коронавируска каршы күрөштө көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалайт», - деп билдирет министрлик.

Тэги: гуманитардык жардам Кыргызстан Казакстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть