akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.04.2020, 05:15

    Казакстан республикасынын бюджети 5.5 млрд $ же ИДПга карата 3.5% түзөт. Өткөн жылы бюджеттин 40% социалдык жардам көрсөтүүгө жана саламаттык сактоого жумшалган. Бул тууралуу Finprom.kz порталы билдирет.

    [news 22547]

    Бюджет тартыштыгынын күчөшү коронавирус пандемиясынын жайылып кетишине жана ОПЕК+ мүчө мамлекеттеринин келишими бузулушу менен байланыштуу.

    «Бюджеттин жоготуусун жабуу үчүн, республикалык бюджеттин чыгашаларын 1.2 млрд $ азайтылды. Бюджеттин тартыштыгы 1.9 млрд $ жогорулаган», — деп билдирди финансы министри Алихан Смаилов.

    Республикалык бюджеттин параметри төмөнкүчө аныкталды:

    • киреше — 26.9 млрд $;
    • чыгаша — 32.6 млрд $;
    • дефицит — 5.5 млрд $.

    2020-жылдын январь айында республикалык бюджеттин чыгашасы 2.3 млрд $ түзгөн. Бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 17.2% көп болгон. 2019-жылдын январь айында бюджет чыгашасынын көлөмү - 1.9 млрд $ түзгөн.

    Жалпысынан өткөн жылдын жыйынтыгын алып караганда республикалык бюджеттин чыгашасынын басымдуу бөлүгү социалдык жардам жана социалдык камсыздоого жумшалган: жулпы суммадан - 7.5 млрд $. Чыгашанын экинчи басымдуу бөлүгү - саламаттык сактоого: 2.7 млрд $ (10.4%). Андан сырткары, 3.6 млрд $ трансферттер түзгөн. Бул республикалык бюджеттин чыгашасынан 13.8% ээлеген.


    Читать похожее